АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбор Азия жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева жана Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Бул тууралуу АКШ элчилигинен Турат Макенбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр өзөгүн Кыргызстандын туштүгүндөгү окуялар түзүүдө. Блейк убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө АКШ тарабынан берилүүчү гумжардамдын жол-жобосу тууралуу да маалымат берүүдө. АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбор Азия жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы бүгүн жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолугат. Бүгүн кечинде АКШнын расмий өкүлү Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт. (EK)