Бул тууралуу Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын билдирүүсүндө массалык тополоң уюштурганы үчүн Ошто 90 кылмыш иши козголду. Тартип коргоо органдарына дайынсыз жолголгондорун таап берүү өтүнүчү менен 20 арыз түшүп, алардын негизинде 3 кылмыш иши козголгон. 120 сөөк табылып, алардын жетимишин жакындары тааныган. Баш аягы 120 соттук медициналык эксперитиза жүргүзүлгөн. Ок чыгаруучу 11 даана курал, жардыруучу 85 каражат кайтарылган. (EK)