Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Иран ракеталары коргонуу үчүн гана колдонот деп ырастоодо


Иран ракеталары аскерий агрессиядан коргонуу максатын гана көздөйт жана кайсы бир өлкөгө кооп туудурбайт деп билдирди. Коргоо министри Ахмад Вахиди жергиликтүү маалымат каражаттарында жарык көргөн билдирүүсүндө АКШ коргоо министри Роберт Гейтсти "калп айткандыгы" үчүн айыптады. Жума күнү Гейтс Иран Европаны миңдеген ракеталары менен бутага алып жаткандыктан, Батыш ракетадан коргонуу системаларын жакшыртууга тийиш деген. Вашингтон Европада үстөмдүк кылгысы келет, региондогу ядролук куралын чыгарбоонун шылтоосун издеп жатат, ошол эле маалда Россияга кысым көргөзүүдө, - деди Вахиди. АКШ Тегеран ракета ташыган ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенүүдө.

XS
SM
MD
LG