Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Ош, Жалал-Абадда жабыркаган ишкерлер колдоого алынат


Убактылуу өкмөт Ош жана Жалал-Абад облустарында баш аламандыктардан улам жабыр тарткан ишкерлерди колдоо иретинден атайын декрет кабыл алды. Аталган декрет аймакты тезирээк калыбына келтирүү жана өнүгүшүнө көмөк кылуу максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-июнунан тарта 2012-жылдын 31-декабрына чейин жабыркаган аймактарда ишмердүүлүк жүргүзүп келген ишкерлер кирешеден жана сатыктан алынчу салыктан толук бошотулат. Андан тышкары жабыркаган аймактарга кирген чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү да патент төлөмдөрүнөн, жалпы салыктан, салык келишиминин негизиндеги салыктан 2012-жылга чейин бошотулат. Ошондой эле бул программага кирген импорт менен алектенген ишкерлерден бажы төлөмдөрү 2012-жылдын 31-декабрына чейин алынбайт. Ал эми аталган аймактарда жаңы жумушчу орундарын түзгөн ишканалар камсыздандыруу төлөмдөрүнөн дээрлик бошотулмакчы. Аталган декретте баш аламандыктардан жабыркаган ишкерлерге мамлекеттик башка жардамдар да каралары айтылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG