Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Бүгүн эл аралык качкындар күнү


Бириккен улуттар уюмунун эсептөөлөрү боюнча, ушул күндөрү дүйнө жүзүндө 15 миллиондун тегерегинде качкын бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү кагылышуулардын же куугунтуктоолордун айынан өнүгүп бараткан өлкөлөргө качууга аргасыз болушкан. Бул жылы качкындар күнү “Үй” деп аталган темага арналган. БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссары Антонио Гуттереш бул күндөрү миллиондон ашык качкындар жайгашкан Сирия мамлекетинде жүрөт. Алардын көпчүлүгү Ирактагы кагылыштардан улам качышкан.

Ал эми Кыргызстандын түштүгүндөгү баш-аламандыктардан улам миңдеген адамдар турак-жайларын таштап, качууга аргасыз болушууда. Соңку күндөрү кырдаал кыйла жумшарып, турак-жайын таштай качкандардын бир тобу үйлөрүнө келе башташты. Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык күч-аракетин жумашап атканын айтышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG