Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн Ош облусунун коменданты, милициянын генерал-майору Бактыбек Алымбеков кезектеги чукул кеңешме өткөрүп, тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен бирге аймактагы коопсуздук маселесин жана санитардык эпидемиологиялык абалды талкууга алышты.
Кеңешме учурунда Б.Алымбеков эл арасында жарандык коомчулуктун, элдик кошуундардын жардамы менен түшүндүрүү иштерин көбөйтүүгө жана келип аткан гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүнү дурустап көзөмөлдөөгө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле кеңешме учурунда облустагы санитардык-эпидемиологиялык абал көзөмөл алдында турганын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин тиешелүү кызматтары ага карата чараларды көрүп атышканы айтылды. (IJz)