Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

Качкындарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Ноокен районунун Чек айылында бүгүн аталган райондун акими Нурбек Мурашев, Базар-Коргон райондук кеңештин депутаты Асылбек Текебаев, Өзбекстандын Пахта-Абад районунун акими Шухрат Абдрахманов баш болгон ырасмий өкүлдөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Кыргызстан тарап Жалал-Абад аймагында тынчтык орногонун баса белгилеп, качкындар үчүн коркунуч жок экенин айтышты.

Ш.Абдрахманов Пахта-Абад районунда Ноокен жана Базар-Коргон районунан качкан 12 миң 500 өзбек улутундагы кыргызстандыктар баш калкалап жатканын, Ош жана Жалал-Абад районундагы окуяларда эки элдин тиешеси жоктугун жана аны үчүнчү күчтөр уюштурганын баса белгиледи.

Сүйлөшүү маалында Базар-Коргон районунан 10-12 аксакалдан турган делегаттар Пахта-Абад районундагы качкындар менен барып сүйлөшүү жүргүзүүсү керектиги тууралуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” А.Текебаев Чек айылынан билдирди.
Анын айтымында, Базар-Коргондун Сейди-Кум айылындагы кыргыз улутундагылар Базар-Коргон айылынан качкан 4500 өзбек улутундагы кыргызстандыктарды үйлөрүндө калкалап турушат. Ноокен районунун акими Н.Мурашев “Азаттыкка” билдиргендей, Чек айылында Ноокен районунан качкан бардык адамдар үйлөрүнө кайтышты. (YA, IJz)

XS
SM
MD
LG