Улуттар Уюмунун эсептеринде дүйнөдө 15 миллиондой качкын бар, алардын төрттөн үч бөлүгү өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн чыккан жана куралдуу жаңжалдардан же куугунтуктан өз үйүн, өз жерин таштап кеткенге аргасыз болушкан. Быйыл бул күнгө "Үй" темасы арналды. Улуттар Уюмунун качкындар боюнча мекемесинин башчысы Антониу Гутерриш бүгүн Сирияга келди. Бул жерде бир миллиондон ашуун качкын бар, алардын көбү Ирактан.