Мамлекет башчылыгына башкы талапкер делинип президенттин милдетин аткаруучу Бронислав Коморовский менен мурдагы премьер-министр Ярослав Качинский аталып жатат. Эгер эч ким бүгүн шайлоого катышкандардын 50 проценттен ашык добушун алалбаса, 4-июлда шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Быйыл апрелде Полшанын президенти Лех Качински жана аны менен бирге дагы 96 киши Россиянын батышындагы Смоленскиге жакын жердеги авиакырсыкта курман болгон эле.