Ак үйдүн маалыматына караганда концерн башчысы Тони Хейворд Англиянын түштүгүндө желкайыктардын жарышына катышкан, бул учурда болсо Мексика булуңунда бузулган скважинанын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Хейворддун бул жоругун Ак үйдүн кеңсе башчысы "кезектеги каталык" деп атады.