Күрт сепаратисттери өткөн түнү өлкөнүн чыгышында аскер жайына кол салышты. Соңку эки сутканын ичинде куралдуу кагылыштар маалында баары болуп түрк армиясы он эки жоокерин жоготту. Түрк армиясы аталган аймакта күрт жумушчу партиясынын куралдуу топторуна каршы операция өткөрүп, алардын жабыттарына абадан сокку уруп жатат.