Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Убактылуу өкмөттүн чечими менен Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондорунда жана Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими 25-июнга чейин узартылды. Коменданттык саат кечки алтыдан, эртең мененки алтыга чейин күчүндө болот. 11-июнда Ош шаарында баш аламандыктар башталары менен Убактылуу өкмөт чукул жыйын өткөрүп 20-июнга чейин өзгөчө кырдаал жарыялап, коменданттык саат киргизген болчу.
Ал эми Ош, Жалал-Абадда түн тынч өткөнүн аталган облустардын Ички иштер башкармалыктарынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. (AJ)
Ал эми Ош, Жалал-Абадда түн тынч өткөнүн аталган облустардын Ички иштер башкармалыктарынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. (AJ)