Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:05

Кытайда суу ташкындан 132 адам каза тапты


Нөшөрлөгөн жамгыр менен жер көчкү өлкөнүн түштүгүндө орун алды. Андан 132 адам каза тапкандан тышкары 86 киши дайынсыз жоголгон, 800 миң киши үй –жайынан көчүрүлдү. Электр энергиясын берүү үзүгүлтүккө учурап, суу сактагычтар, жолдор бузулду. Миллиондогон адамдар ичүүчү суусуз калды. Өлкөнүн суу ресурстары министрлигинин расмий маалыматында айтылгандай, 13- июнда башталган нөшөрлөгөн жаан алып келген кесепеттер учурунда жараат алгандарды, мүлкүн жоготкондорду кошкондо он миллион киши жабыр тарткан.

XS
SM
MD
LG