Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Кыргызстандагы кырдаалды АКШ мамкатчысы менен Орусия тышкы иштер министри талкуулады


Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Филип Кроулинин билдиргенине караганда, Хиллари Клинтон менен Сергей Лавров телефон сүйлөшүүсүндө эки тараптын “жакында кыянатчылыктар орун алган жана улут аралык мамиледеги чыңалуу басыла элек Кыргызстан боюнча камтамачылыгы окшош” экенин сөз кылышты. Билдирүүдө белгиленгендей, АКШ да, Орусия да алдыдагы референдумду өткөрүү Кыргызстандын суверендүү чечими деп эсептешет жана кыргыз бийлигин референдумду эл аралык стандартка ылайык өткөрүүгө чакырууну макулдашты. Хиллари Клинтон менен Сергей Лавровдун телефон сүйлөшүүсүндө Кыргызстанга жардам жана колдоо көргөзүү боюнча АКШ менен Орусиянын аракеттерин координациялоо маселеси да талкууланган.

XS
SM
MD
LG