Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Орусия муфтиятынын өкүлдөрү тополоң орун алган аймактарды кыдырат


“Ата-Журт” партиясынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Абдулвахид Ниязов, Данир Мухетдинов жана Ариф Саидов баштаган Орусиянын муфтиятынын өкүлдөрү ушул тапта Жалал-Абад облусун кыдырууда. Алар тополоң орун алган аймактардын жергиликтүү калкы менен бир катар жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. Аларды аталган партиянын айрым лидерлери коштоп жүрөт.

Орусия муфтиятынын өкүлдөрү Кыргызстанга бүгүн эртең менен учуп келишти. Ушул эле күнү алар “Ата-Журт” партиясынын лидерлери менен жолуп, эки мусулман улутунун кагылышуусуна тынчсыздануусун билдиришти. Өкүлдөр иш сапардын максаты - эки тууган элди биримдикке, тынчтыкка чакыруу экенин билдирип жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG