Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Ош жана Жалал-Абад шаарлары айрым салыктардан бошотулат


Бул тууралуу Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева бүгүн Жалал-Абад шаарынын 500гө чукул активи менен жолугушкан учурда билдирди. Анын айтымында, аталган шаарларды өнүктүрүү боюнча Убактылуу өкмөт атайын декрет кабыл алган. Р.Отунбаева түштүктөгү коогалаңга үчүнчү күчтөр жана маңзат менен байланыш адамдардын тиешеси бар деп белгиледи. Ошондой эле жолугушуу учурунда Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Кыргызстанга тогуз тик учак, АКШ 32 млн. доллардан ашуун жардам көрсөткөнү тууралуу айтылды.

Ал эми чогулгандар 14-майда Жалал-Абаддагы тополоңду алдын алганда жана аны уюштурду деп шектелген өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровду кармаганда мындай кандуу окуя болмок эмес деген ойлорун айтышты. Убактылуу өкмөт жетекчиси менен Жалал-Абадга чогуу барган Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков учурда коопсуздук башкы маселе болуп жатканын айтып, түштүктөгү кагылыштар 1991-жылдан кийинки бийликтин катачылыгынан улам келип чыгууда деп белгиледи. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактык кабарчысы билдирди.(КЕ)

XS
SM
MD
LG