Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

Иран эл аралык эки инспекторду өлкөгө киргизбейт


Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин - МАГАТЭнин эки инспекторун өлкөгө киргизбей турганын билдирди. Ирандын атомдук энергия мекемесинин жетекчиси Акбар Салехинин айтымында, алар Ирандын атомдук программасы тууралуу бурмаланган жана жалган маалымат беришкен деп күнөөлөнүүдө. Бирок текшерүүчүлөрдүн ысымдары аталган жок. Май айындагы отчетунда МАГАТЭ Иран уранды жогорку деңгээлде байытуу үчүн жаңы жабдыктарды даярдоодо жана ядролук материал топтоону улантууда деп жазган. 9-июнда БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкциялардын жаңы тобун киргизген. Батыш Тегеран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенсе, Иран өкмөтү мындай айыптоолорду четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG