Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Ө.Текебаев: Референдум Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт


Ал түгүл өзгөчө кырдаал киргизилген Ош, Жалал-Абад облустарында да 27-июнда референдум өткөрүлөт. Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Ө.Текебаевдин түшүндүрмөсү Убактылуу өкмөттүн расмий интернет сайтына кечээ жайгаштырылды. Анын билдиришинче, Убактылуу өкмөт референдумга даярдык көрүүдө атуулдардын референдумга катышуу укуктарын камсыз кылууга кепилдик берүү боюнча укуктук жактан бардык аракеттерди көрдү.

Ө.Текебаев ошондой эле референдумга даярдык көрүү жана өткөрүүдө, анын коопсуздугун камсыз кылуу Ички иштер министрлигине жүктөлгөнүн, референдум комиссиялары жайгашкан имараттарда, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда кайгуул кызматтары күчөтүлөрүн билдирип, алар менен кошо аскер кызматкерлери, элдик кошуундар да тартыларын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG