Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Түндүк Корея футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттан чыкты


Чемпионатка 1966-жылдан бери алгач ирет келген бул коммунисттик өлкөнүн курама командасы өткөн түнкү мелдеште Португалияга 7:0 эсебинде утулду. Муну менен Португалия дүйнөлүк чемпионатта 2002-жылдан берки алгачкы ири жеңишке жетишти. 2002-жылы Германия Сауд Аравияны 8:0 эсебинде уткан. Кечээ Испания менен Гондурастын беттешүүсү 2:0, Чили менен Швейцарияныкы 1: 0 эсебинде жыйынтыкталды. Бүгүн Франция – Түштүк Африка, Грекия – Аргентина, Нигерия- Түштүк Корея ойнойт.

XS
SM
MD
LG