Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:44

Түркия Ирак менен чек арасына аскер жайгаштырды


Кабарларга караганда, аскерлер күрд согушкерлеринин өткөн ишембидеги жортуулунан кийин жайгаштырылды. Анда 12 түрк аскери каза тапкан эле. Түрк аскерлеринин Ирак менен чек арага жайгаштырылуусу Күрд Жумушчу партиясынын согушкерлеринин базалары Түндүк Иракта да бардыгы менен байланыштуу. Кечээ армиянын тик учактары Түркиянын өзүнүн Хаккяри жана Сирнак провинцияларынын аймактарында согушкерлердин турумдары делген жерлерге сокку урду. Аларга коңшу Диярбакыр провинциясында аскерий бөлүккө жасалган кол салуудан кийинки атышууларда бир жоокер жана төрт согушкер мерт болгон.

XS
SM
MD
LG