Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Ушул тапта БУУнун Борбор Азия боюнча башкы катчысы Мирослав Енча Ош шаарында иш сапары менен жүрөт. Ал Ош шаарынын аба майданында жайгашкан гуманитардык жардам борборунда болуп, борборду кеңейтүү иш-чараларын сүйлөшмөкчү. Ошондой эле ал башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте ооруканаларды кыдырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык коомчулук менен жолугушмакчы. (IJz)