Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Ооганстанда НАТО башындагы күчтөр 10 жоокеринен ажырады


НАТОнун тикучары 21-июнда Кандагар шаарында кыйрап, австралиялык үч командос жана америкалык бир аскер курман болгон. Бул австралиялык аскерлердин Ооган согушундагы биринчи жоготуусу. Ооганстандын түштүгүндө бомбага кабылып, АКШлык бир жана канадалык бир жоокер набыт болгон. Мындан тышкары америкалык үч аскер козголоңчулардын чабууланда окко учканы маалымдалды.

Франс Пресс агенттиги НАТО ай башынан бери Ооган жеринде 65 жоокерин жоготконун, январдан бери 285 жоокеринен ажыраганын билдирди.

XS
SM
MD
LG