Ош облусунун коменданты Бакытбек Алымбеков бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Борбор Азия боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енча менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда комендант, Ош шаарында жана Ош облусунда кырдаал турукташып калганын билдирди. Өз кезегинде М.Енча, айрым ММКлар Кыргызстандын түштүгү гуманитардык катастрофага кабылганын жазып атышканын айтып, бирок эл менен жолугушуу учурунда бул фактылар ырасталбаганын ачыктады. Ошондой эле ал дүйнөлүк тажрыйбага таянып элдин колундагы курал-жарактарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Бул багытта көмөк боло турчу БУУнун жанан ЕККУнун атайын программалары бар экенин да кошумчалады.
БУУнун өкүлү М.Енча баштаган адамдар Ош облусундагы соңку кырдаал менен таанышуу, гуманитардык жардам маселелерин байкоо, жарандык коом жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу максатында Кыргызстандын түштүгүнө барган. (IJz)