Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча комиссия түзүлдү


Убактылуу өкмөттүн 17-июндагы Токтому менен мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча комиссия түзүлгөнүн өкмөттүк басма сөз кызматы билдирди. Бул комиссия азыркы мамлекеттик системаны талдоого алуу, аны өркүндөтүп иштеп чыгуу максатында уюшулду. Өкмөт токтомуна ылайык, мамлекеттик органдардын ишмердигин талдоону комиссия 2010-жылдын 15-сентябрына чейин аякташы керек. Андан кийин мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар каралмакчы. Комиссияга тигил же бул мамлекеттик органды түзүү же кайра түзүү жана жоюу канчалык максатка ылайык экендиги жөнүндө тийиштүү корутунду чыгаруу укугу кошо берилди. (КС)

XS
SM
MD
LG