Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 19:26

Финляндиянын премьер-министри да аял болду


Финляндиянын парламенти Мари Кивинеми айымды өлкөнүн премьер-министри кылып шайлады. Мари Кивинеми Финляндиянын тарыхындагы экинчи аял премьер-министр болот. Ал ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткен Матти Ванханендин ордун ээлейт. Финляндиянын президенти да аял. Президент Тария Халонен бүгүн кечке Мари Кивинеми айымды премьер-министр кылып бекитет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG