Евробиримдиктин соңку иликтөөсүнүн жыйынтыгы европалыктардын 30%ы саламаттыкты сактоо, балдарды кароо үчүн кеткен чыгымдарды төлөө жагынан чоң кыйынчылыктарга кабылганын көргөзгөн. Ал эми ар бир алтынчы тургун тамак –аш, күндөлүк турмушта керектүү нерселер өңдүү жөнөкөй эле чыгымдарды төлөгүдөй акчасы калбаган учурга өткөн жылы кеминде бир ирет кабылганын айтышкан. Евробиримдиктин социалдык иштер боюнча комиссары Ласло Андордун пикиринде, иликтөө “жакырчылык Европа биримдиги үчүн өтө маанилүү маселе” экенин ырастады. Учурудагы экономикалык жана каржылык кризис алдыда кырдаалды курчутушу мүмкүн.