Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Өзбекстандан 35 миңдей качкындар кайтышты


“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Адрасулованын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, бүгүнкүгө чейин Кыргызстанга 35 миң чамалуу качкын артка кайтышты. Анын айтымында, Жалал-Абадга кайткан качкындар үй-жайларына жайгашып атышат. Ал эми Ош облусуна кайткан качкындардын бир тобунун үйлөрү күйүп кеткен. Ошол себептүү аларды жайгаштыруу маселеси пайда болууда.

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы баш аламандыктарда жабыркагандарга жана качкындарга жардам берүү боюнча Убактылуу өкмөттүн атайын өкөлү Айгүл Рыскулова “Азаттыкка” билдиргендей, кайтып аткан качкындарга кам көрүү боюнча атайын топтор иш алып барышууда. Ал эми турак-жайлары өрттөнүп кеткен жарандар убактылуу чатырларга жайгаштырылып, аларга азык-түлүк жагынан жана медициналык жардамдар көрсөтүлөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG