Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева 22-июнда Оштун жака белиндеги Нариман жана Фуркат айылдарынын жашоочулары менен Ош аба майданынын аймагында жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Р. Отунбаева түштүк аймагындагы кырдаалды нормалдаштыруу боюнча Убактылуу өкмөт көрүп жаткан иш чаралар жөнүндө жана алдыдагы референдумдун мааниси жөнүндө маалымат берди.
Чыгып сүйлөгөн айыл аксакалдары мамлекетти укуктук талаага алып барып, тынчтык турмуш орното турган референдумга колдоо билдиришип, кандуу тополоң чыгарган бузуку күчтөрдү таап жазалоо талабын коюшту. (КС)