Эртең Алматы калаасында эки жүздөй кыргызстандыктар чогулуп, 27-июндагы референдумду колдоо иретинде акция өткөрүшкөн жатышат. Анын жүрүшүндө референдумга активдүү катышуу жөнүндө үндөө сөздөр сүйлөнөт, 7-апрелде Бишкектеги окуяларда курман болушкан жана жакында Ош, Жалал-Абад аймагында тополоң маалында каза тапкан жарандарга арналып курмандык чалынып, куран окутулат.
«Кыргызстандын биримдиги үчүн, тынчтыгы үчүн Алматыдагы кыргызстандыктарды уюштуруп, аларды референдумга көбүрөөк катышып берүүгө үндөп жатабыз», -деди бул иш чараны уюштуруп жаткан Кыргызстандын Алматыдагы соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Улан Момуналиев.
Алматыдагы кыргыздар ошондой эле өздөрү каражат топтошуп, Ош жана Жалал-Абаддагы калабалуу окуялардан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн 20 баласына Ысык-Көлдө эс алуу уюштуруп бергени жатышат. (КС)