Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Жалал-Абадда башаламандык уюштурган деп шектелгендер кармалды


Жалал-Абад облусунда 12-15-июнда массалык баш аламандыктарды уюштурган деген шек менен 14 адам кармалды. Бул тууралуу облустун прокурору Каныбек Турдумамбетов билдирет.

Анын айтымында, шектелип аткандардын ичинен 12 адам камакка алынды. Жалал-Абадда 12-15-июнь аралыгындагы массалык баш аламандыктар учурунда үй-жайлар талкаланган жана өрттөлгөн 313 факты катталган.

Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Жалал-Абаддын күч органдары баш аламандыктар боюнча 30 кылмыш ишин козгошту. Иликтөө иштери учурунда каза болгон 47 адамдын сөөгү табылып, алардын кырк алтысынын кимдиги аныкталды. Ушул тапта козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG