Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Обама бүгүн генерал Маккристал менен жолугат


АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн командачысы генерал Стэнли Маккристалды кызматтан алуу керекпи же жокпу – бу маселени чечерден мурда анын жеке өзүнүн түшүндүрмөсүн укканы жатканын билдирди. "Менин оюмча, генерал Маккристал менен анын кызматкерлери жарыялаган журналдагы макалада натуура көз караштар айтылганы анык. Бирок менен бир жаңсыл чечим кабыл алардан мурда аны менен сүйлөшүп көргүм келет",-деп айтты Обама. АКШда чыгуучу Rolling Stone журналында жарыяланган материалда вице-президент Жозеф Байден менен АКШнын Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү Ричард Холбрук тууралуу айтылган терс пикирлер үчүн Маккристал кечирим сурады. Журналдын маалыматына ылайык Маккристал менен анын жардамчылары АКШнын Ооганстандагы саясатына өздөрүнүн сынчыл мамилесин президент Обамага жеткирүүнү көздөшкөн.

XS
SM
MD
LG