Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:20

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаал мөөнөтү узартылды


Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева “Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартуу жөнүндө” деп аталган декретке кол койду. Ага ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырдаалды турукташтыруу максатында Жалал-Абад облусуна киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү 25-июнга чейин узартылды. Коменданттык саат кечки саат 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин созулат. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG