Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Убактылуу өкмөт жетекчилери ЕККУ өкүлү менен жолугушту


Убактылуу өкмөт жетекчилери ЕККУ өкүлү менен жолугушту

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атайын өкүлү Киммо Килюнен менен жолугушту.

Жолугушуу маалында Кыргызстандагы соңку кырдаал, референдумга даярдыктар жана ага эл аралык байкоочулардын катышуусу тууралуу сөз болду. Андан тышкары ЕККУнун улуттар аралык араздашууга байланыштуу кырдаалды турукташтырууда көрсөтө алуучу көмөгү, тынчтыкты орнотууга багытталган иш-аракеттердин жол-жоболору талкууланды.

К.Килюнен өз кезегинде Кыргыз Республикасы 6-10-июлдарда өтө турган ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын отурумуна катышарына үмүттөнөрүн билдирди.

Андан тышкары К.Килюнен менен Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев да жолугушту. Ө.Текебаев ЕККУ өкүлүнө алдыдагы референдум жана ага коюлуп аткан баш мыйзамдын долбоору тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG