Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Кыргыз-өзбек жарашууда, качкындар кайтууда


Качкындар кайтып келүүдө
Качкындар кайтып келүүдө

Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырыспай Абдраимов кыргыз-өзбек чек арасындагы качкындардын абалын көрүп, алардын ой-пикирин угуп кайтты. Качкындардын алды кайтып келе баштады, калгандарынын дагы кайтуу ниети бар, бирок дагы эле коркуу сезими кете элек.

Алар өлкөдө тынчтык орнотууну, чагымчыл күчтөргө бөгөт коюну, үй-жайы өрттөнүп талкалангандарга жардам көрсөтүүнү мамлекеттен талап кылышууда.

- Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сузак районуна караштуу Арык деген айылынан кайттым. Кыргызстандан ал жакка качып барып, кайткан адамдардын өзүнүн маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө төрт жарым миңге жакын адам кайтты. Ал эми качкындар менен маектешкенимде, алар Кыргызстан тарапта абал калыбына келип жатканын угуп, кечээ аларга облустук губернатор (Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов) баргандан кийин жакшы маанай түзүлгөндүгүн билдиришти.

Ошондой эле айрым качкындардын үйлөрүнүн өрттөлгөнүнө байланыштуу мамлекет аларга камкордук көрүп, андан тышкары Кыргызстанда тынчтыкты калыбына келтирсин, ошондой эле улуттар арасында эч кандай чыр-чатак болбосун, элдерди бөлүүгө ажырым салбасын деген талаптарын айтышты.

Ошол жерде турган Сузак районунун дарыгерлери өз жардамын кылып, дары-дармектерин берип турушат. Ал эми ошол эле чек арада эл аралык дарыгерлер уюму Өзбекстандан кайтып келаткан качкындарга дары-дармек менен суусундуктарды таркатып турушту.

Көпчүлүк адамдарды кайтарыш үчүн Жалал-Абад облустук бийлиги маршруттук таксилерди да уюштурган. Дал ушул сааттарда мен алган маалыматтар боюнча, кыргыз-өзбек чек арасынын Базар-Коргон районуна караштуу Сейди-Кум айылында райондун акими Кубатбек Артыковдун маалыматы боюнча, миңге жакын качкын турат, ал эми башка бейрасмий маалыматтар боюнча 3-4 миңге жакын качкындар болушу мүмкүн.

- Сиз качкындар менен жолугушуп сүйлөшүптүрсүз, кайра ушундай окуялар кайталанып кетет деген кооптонуу барбы?

- Качкындар дагы, башка адамдар дагы коопсуздугуна кабатырланууда. Анткени кандайдыр бир ар бир адамда коркуу сезими дагы эле үстөмдүк кылууда. Ошол коркууну жоготуш үчүн мамлекеттик уюмдар, коргоо уюмдары жакшынакай элди кайтарып, коопсуздугун камсыз кылсын деген ойлорун айтышты.

Буга чейин Базар-Коргон райондук акимчилиги менен элдик кошуундун өкүлдөрү Базар-Коргон районунда элдештирүү акциясын өткөрүштү. Анда кыргыз-өзбек улуттары 14 адамга ак калпак, ак чепкен кийгизишип, жакшынакай тамак берилип жараштыруу келишимине келишти. Мындан ары ар кандай коопсуздуктарды келтирбеш үчүн, элдин кыжырын келтирбеш үчүн өткөн окуяларды кайра-кайра козгобой, унуталы дагы тынчтыкка карай өкүм сүрөлү, мындай жөрөлгөлөрдү ар бир айылда өткөрүп, көчө комитеттерин түзүү менен тынчтыкка гана үндөп, элди жакшылыкка үндөйлү деген ниеттер айтылды. Ошондой эле базаркоргондуктардын Кыргызстан калкына тынчтык сактап калууну үндөгөн кайрылуулары болду.


"Азаттык видеотасма": Жаатташкандар жараша баштады

Жалал-Абад: жаатташкандар жараша баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00
XS
SM
MD
LG