Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:01

ТИМ: Кыргызстандагы окуялар бир тараптуу кетип атат


Кыргызстандын Тышкы иштер минситрлиги бүгүн Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар дүйнөлүк маалымат тармагына көп учурда бир жактуу кетип атканына тынчсыздануусун билдирген билдирүү таратты. Министрликтин билдирүүсүндө, маалыматтардын бир тараптуу таркап атышы Кыргызстандагы улуттар аралык жагдайды тескерисинче оорлотору баса белгиленет.

Ошол себептүү ТИМ Кыргызстандагы окуяларды чагылдырып аткан бардык эл аралык жана жергиликтүү журналисттерди маалыматтарды тен салмактуу, калыс чагылдырууга чакырат. “Калыс, акыйкат жана тең салмактуу маалымат гана улуттар аралык байланыштардын өрчүшүнө, Борбор Азия чөлкөмүндө жана анын айланасында тынч турмуштун өнүгүүсүнө түрткү берет”,- делет билдирүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG