Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун маалыматына караганда кечээ эртең мененки саат сегизден, бүгүн таңкы саат жетиге чейин 25 миң 867 качкын мекенине кайтып келди.
Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасындагы 5 чек ара бекетинен ушул күнгө чейин 70 миңден ашуун качкын мекенине кайтып келди.
“Качкындар лагерлеринде турбай Өзбекстандагы туугандарына өтүп кеткен 10 миңден ашуун Кыргызстандын атуулдары тууралуу маалымат бар. Акыркы эки күндөн бери мекенине кайткан качкындардын саны өстү”,-дейт Ч.Турусбеков. (AJ)