Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Ысык-Көлдө 6 чагымчы кармалды


Бул туурасында “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Рыспек Быкын уулу билдирди. Анын айтымында, Каракол шаары жана Ак-Суу районунун алты тургуну улут аралык жаңжалга себеп болчу билдирүүлөрдү жасап, массалык баш аламандык тууралуу ушак сөздөрдү таратууга аракет кылышкан. Бул фактылар боюнча Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан оперативдүү чаралар көрүлүүдө. Мындан тышкары бул региондо айың кептерди таратуучуларды аныктоо жана кармоо боюнча иш чаралар улантылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG