"Азаттыктын" аймактык кабарчысынын билдришинче, учурда Оштун өзгөчө кырдаалдар киргизилген аймактарында абал тынч, референдумга даярдык иштери өз тартибинде жүргүзүлүп жатат. Областка тиешелүү бюллетендер алынып келинди. Ал эми Кара-Суу районунда даярдык иштери солгун болууда. Себеби ал жердеги 5 айылдык округдагы 19 добуш берүүчү жай акыркы окуялар учурунда күйүп кеткен.
Мындан тышкары бүгүн Ош шаарынын мекеме-уюмдарынын кызматкерлери Ак-Буура дарыясын бойлото түштүктөгу калабада каза таап, дайынсыз жоголгондордун сөөктөрүн издешти. Азырынча издөө иштеринин жыйынтыктары туурасында маалымат бериле элек.(AzK)