Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Молдова Россияга катуу талап койду


Молдова Россиядан Днестр боюндагы сепаратисттик чөлкөмдөн аскерлерин чыгарууну талап кылды. Утурумдук президент Михай Гимпу токтом чыгарып, Москва “тез арада, шартсыз жана ачык түрдө” аскерлерин чыгарууга тийиш деди. Россия Советтер заманынан бери жайгашып келген бир жарым миң жоокерин 2002-жылга чейин алып кетүүгө убада кылган, бирок аны азыркыга чейин аткара элек.

Мындай катуу талап Молдова лидери тарабынан биринчи жолу жасалып олтурат. 1990-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган Днестр боюндагы жумурият 1992-жылы молдовалык куралдуу күчтөр менен согушуп, 1 миң 500дөй адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG