Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:38

Сугат сууга тариф төмөндөйт


1-июлдан баштап сугат суунун тарифи 40 пайыздан 80 пайызга төмөндөйт.Мындай токтомго Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева кечээ кол койду. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Токтомго ылайык республиканын көптөгөн райондорунда 1-июлдан 1-октябрга чейин сугат суу КНС кошпогондо 1 куб.м. 3 тыйындан, 1-октябрдан тарта 1 куб.м. 1 тыйындан болот. Буга чейин III, IV кварталда 1 куб.м. суу 5 тыйындан бааланып келген.
Ал эми Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарында 1-июлдан тартып 1 куб.м. сугат суунун баасы 1 тыйындан болот. (AJ)

XS
SM
MD
LG