Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Ошто коменданттык саат эрежесине баш ийбеген бир адам октон каза тапты


Бул тууралуу дубандан кабарчыбыз билдирди. 1982-жылы туулган медициналык коллеждин окутуучусу, дарыгер Мээрим Пазылова өткөн түнү коменданттык саттын тартибин бузгандыгы үчүн атып өлтүрүлдү. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн да тастыкташты. Ал эскертүүлөргө карабай коменданттык саат убагында машинасын токтотпой шаардын көчөсүндө жүргөн экен.

Ош жана Жалал-Абад облустарында 26-июндан тарта коменданттык саат токтотулаарын өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева кечээ жалпы элге кайрылуусунда билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG