Президент Барак Обаманын Вашингтондо орус кесиптеши Дмитрий Медведев менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында билдиргенине караганда, АКШ менен Орусия Кыргызстанга көргөзүлүүчү гуманитардык жардамды координациялоону макулдашты. АКШ президенти ага катар Кыргызстандагы кырдаал кайсыл бир өлкөнүн эмес, эл аралык коомчулуктун аракети менен жөнгө салынуусу керектигин белгиледи:
-Биз талкуулаган маселелердин бири – бул өлкөдөгү кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салуубузду кепилдеген механизм түзүү жана жарандарды коргоо үчүн көрүлүп жаткан кандай чара болбосун, кайсыл бир өлкөнүн желеги астында жасалбастан, эл аралык коомчулук аракеттенүүсү жөнүндө болду.
Ал эми орус президенти Дмитрий Медведев азыр Кыргызстанга ЖККУ уюмунун күчтөрүн жөнөтүү зарылдыгы жоктугун, бирок “кырдаал өзгөрүп кетсе ЖККУ бул маселеге кайрыларын” айтты. Медведев ага катар алдыдагы шайлоо жараянында өлкөнүн алдында турган милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү бийлик кураларына үмүттөнөрүнө, андай болбосо бийликке радикал элементтердин келүү, Кыргызстандын бөлүнүп кетүү коркунучу бардыгына токтолуп, Ооганстанды мисалга тартты.