Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

БУУнун өкүлү Кыргызстандагы окуяларга тынчсызданууда


БУУнун баш катчысынын саясий иштер боюнча жардамчысы Оскар Фернандес-Таранко БУУнун Коопсуздук кеңешинин 24-июндагы жыйынында Кыргызстандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди. Таранко кеңеш мүчөлөрүнө учурда Ош жана Жалал-Абад шаарларында абал салыштырмалуу турукташып калганын билдирип, улут аралык тирешүү кайрадан кайталанат деген айың-кептер дагы эле эл арасында жүрүп жаткандыгын айтты. 27-июнга белгиленген референдумга карата БУУ кыргыз бийликтерине колдоо көрсөтүп жаткандыгын маалымдап БУУнун баш катчысынын саясий иштер боюнча жардамчысы Оскар Фернандес-Таранко жергиликтүү уюмдар Кыргызстанда кайрадан зомбулукка орун берилбешин камсыздашын керектигин белгиледи. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG