Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Д.Медведев жана Б.Обама Кыргызстандагы окуялар боюнча билдирүү жасашты


7-апрелдеги жана өлкөнүн түштүгүндөгү окуялардан кийин Орусия жана АКШнын президенттери кыргыз элин колдоого кызыкдар экени тууралуу бирдиктүү билдирүү жасашты. Анда эки өлкө башчылары Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык араздашууда жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтышат. Дмитрий Медведев жана Барак Обама кыргыз бийликтерин күн тартибиндеги көйгөйлөрдү чечүүдө зомбулуксуз ыкмаларды колдонууга чакырышат. БУУ баштаган эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы кырдаалды турукташтырууга көрүп жаткан аракеттерин колдоого алышарын белгилеген президенттер 24-июнда стабилдүү Кыргызстандын экономикасын көтөрүү боюнча бирдиктүү кызматташарын билдиришти. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG