Кыргызстандын түштүгүндө жаңжалдан кийинки кырдаалды жөнгө салуу үчүн ЕККУнун полиция күчтөрүнүн миссиясы Бишкекке келди. Миссия өкүлдөрү коомдук тартипти жөнгө салуу, жергиликтүү бийликтердин тартип коргоо дымагын бекемдөө, улут аралык тирешүүнү алдын алууну башкы максат кылат. ЕККУнун ыкчам полиция күчтөрү өзүнө үч негизги милдетти алат. Булар: байкоо, кураторлук жана кеп-кеңеш берүү милдеттери. Буга чейин миссия өкүлдөрү Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши, Коргонуу жана Тышкы иштер министрликтеринин башчылары менен жолугушуу өткөрдү. Бул иш-чаралар ЖККУ өңдүү башка эл аралык уюмдардын Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалдан кийинки кырдаалды жөнгө салуу аракеттери менен тең өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады. (EK)