Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:37

Укук коргоочулар референдумга карата БШКга жардам көрсөтүүдө


Бүгүн “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” референдумга даярдык боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Анда референдумду өткөрүүгө даярдыктарга баа берилди. Уюм жетекчиси Динара Ошурахунова 27-июнга белгиленген жалпы элдик добуш берүү күнү “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” атынан 1 миң байкоочусу 500 шайлоо жайында байкоо жүргүзөрүн билдирди. Учурда коалиция Борбордук шайлоо комиссиясына 80 шайлоо жайында шайлоочулар тизмесин тактоого жардам көрсөтүп жатат. Ошондой эле качкындар лагерлеринде добуш берүү жараянына байкоо салуу үчүн уюм атайын мобилдик топторду түштүккө жөнөтүүдө. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” референдумга карата суроолор үчүн ишеним телефондорун ачты. Номурлары: Бишкек үчүн - 90-11-12, ал эми региондордогу тургундар үчүн - 0800-90-11-12. (EK)

XS
SM
MD
LG