Талкуу жабык мүнөздө өткөрүлүп, баш катчынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Оскар Фернандес-Таранконун маалыматы угулду. Баш катчынын жардамчысы Кыргызстандын түштүгүндөгү жагдай акырындап нугуна түшө баштаганын, ошол эле учурда жаңы тополоң чыгышы ыктымал деп кооптонгон маанай дале сакталып калганын белгиледи. Россиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин азыркы кризис түпкүлүгүндө Кыргызстандын ички иши экенин, аны кыргыз өкмөтү өзү чечиши керектигин билдирген. Бул тууралуу Ройтерс кабарлады.