Президенттин милдетин аткарып жаткан Михай Гимпунун бул тууралуу жарлыгын Россиянын тышкы иштер министрлиги "маскарачылык" деп атады. 1940-жылы 26-июнда Москва Румыниядан Бессарабияны – азыркы Молдавиянын чоң бөлүгүн - Советтер Союзуна өткөрүп берүүнү талап кылган. Эки күндөн соң Бессарабияга совет аскерлери киргизилген.