Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

А. Видугирис дүйнө салды


Кыргыз кинематографиясынын түптөөгө жана бир кездеги “кыргыз кереметин” жаратууга салым кошкондордун бири, белгилүү кинорежиссер жана оператор, жазуучу, публицист, окумуштуу Альгимантас Видугирис узакка созулган катуу оорудан улам 25-июнда, 75 жаш курагында дүйнө салды. Маркум 1936-жылы Литванын Каунас шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 1962 жылы Москвадагы кинематография (ВГИК) институтун аяктаган соң Кыргызстанга келип, ошондон кийинки өмүрү “Кыргызфильм” менен тыгыз байланышта болгон. Дал ушул жерде ал кыргыз киносунун алтын казынасына кирген “Көз айнекчен”, “Вахта”, “Нарын күндөлүгү” сыяктуу бир катар тасмаларды жараткан. А. Видугирис кыргыз искусствосуна кошкон салымы үчүн “Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” (1974), “Кыргызстандын эл артисти” (1982) наамдарына татыган. 2006-жылы болсо “Даңк” медалы менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG