Бул үчүн жалпысынан 7,5 миң милиция кызматкери тартылып, күзөткө чыгышат. Милиция кызматкерлерине элдик кошуундун сегиз миңдей өкүлдөрү көмөк көрсөтүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сеитов кабарлады. Анын айтымында, жалпы республика боюнча милиция кызматкерелри күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Алар референдумду өткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларын алып, даярдыктарды көрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар жарыяланган аймактарда ар бир добуш берүү жайын 8-9 адам кайтарууга алса, өлкөнүн башка аймактарында 3-4 адам күзөттө болот. (КЕ)